Алдын ала маалыматтар боюнча, Социалдык фонддун чыгашалары 2021-жылдын январь-июль айларында 34 миллиард 636,3 миллион сомду түздү.
Фонддун чыгашаларынын көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 млрд сомго көбөйдү.
Кошумчалай кетсек, пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө 29 миллиард 83,3 миллион сом өлчөмүндө бардык керектүү сумма толугу менен каржыланган.