Социалдык фонддун чыгымдары 2023-жылы 23,2%га өсөт

15.08.2022, 14:19 Акчабар
Социалдык фонддун чыгымдары 2023-жылы 23,2%га өсөт

Министрлер кабинети коомдук талкууга токтомдун долбоорун киргизди, ага ылайык Социалдык фонддун 2023-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүн 94 миллиард 511 миллион 995,3 миң сом өлчөмүндө бекитүү сунушталды.

2024-жылы Социалдык фонддун бюджетинин чыгаша бөлүгү болжол боюнча 120 миллиард 465 миллион 834,6 миң сомду, ал эми 2025-жылы 125 миллиард 966 миллион 340,6 миң сомду түзүшү мүмкүн.

Чыгымдардын көбү пенсиялык фондго туура келет. Долбоорго ылайык, 2023-жылы бул сумма 87 млрд 407 млн ​​611,2 миң сомду (2022-жылы - 65 млрд 548 млн 92,3 миң сом) түзөт. Ошону менен бирге, Социалдык фонддун болжолдоолору боюнча 2024-жылы пенсиялык фонддун чыгашалары 112 млрд 933 млн 570,8 миң сомду, ал эми 2025-жылы 117 млрд 978 млн 399,9 миң сомду түзөт.

Ошондой эле, Министрлер кабинети Социалдык фонддун келерки жылга бюджетинин профицитин 1 миллиард 908 миллион 208,6 миң сом өлчөмүндө белгилөөнү сунуштоодо.

Тэги: бюджет соцфонда Соцфонд КР кабмин КР пенсионный фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу