Келе жаткан жылы Жогорку соттун чыгашалары 2 миллиард 284 миллион 715,4 миң сом өлчөмүндө белгиленген, бул 2022-жылга салыштырмалуу 143 миллион 885,6 миң сомго көп. Мындай маалыматтар “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн.
Бул бюджеттин жарымынан көбү, тактап айтканда 1 миллиард 316 миллион 596,5 миң сому соттордун маянасына багытталат.