Акча которуулар боюнча коомчулуктан даттануулардын саны өсүүдө

30.05.2022, 11:04 Акчабар
Акча которуулар боюнча коомчулуктан даттануулардын саны өсүүдө

Улуттук банк коммерциялык банктарга кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүүнү жана банктардын бардык бөлүмдөрүндө банктык кызматтарды көрсөтүүнү көзөмөлдөөнү камсыз кылууну, ошондой эле кардарлардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Банк тутумундагы жана валюта рыногундагы кырдаалды, ошондой эле дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу жана алдын алуу маселелерин 27-майда Улуттук банк жетекчилиги, коммерциялык банктар жана алмашуу бюролору, алмашуу бюролорунун ассоциациясынын өкүлдөрү талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук банктын жетекчилиги акыркы учурда акча которуу системалары аркылуу акча каражаттарын кабыл алуу жана жөнөтүү жана айрым финансы-кредиттик мекемелердин тейлөө сапатына байланыштуу калк тарабынан даттануулардын саны өсүп жатканын белгиледи.

Коммерциялык банктарга кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырышты.

Мындан тышкары, Улуттук банктын жетекчилиги каржы рыногунун бардык катышуучулары, анын ичинде алмашуу бюролору жана алмашуу бюролор ассоциациясы тарабынан банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Тэги: Национальный банк КР денежные переводы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу