Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы директор Равшанбек Сабировду тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөзкызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин башчысы учурдагы татаал шарттарда инвестицияларды тартуу, республиканын инвестициялык потенциалын жогорулатуу жаатында агенттиктин ишин толугу менен кайрадан карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.
Өз кезегинде Сабиров президентке жана министрлер кабинетинин төрагасына көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирди жана алдыга коюлган милдеттерге жана пландарга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалаарын билдирди.
Жыйынтыгында Жапаров агенттиктин жаңы жетекчисине жана жамаатына ийгилик жана жемиштүү иш каалап, Кыргызстанга чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30%га өскөнүн белгиледи.
Белгилей кетсек, президент тарабынан «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлган. Ага ылайык Кыргызстанга инвестицияларды тартуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты координациялоо Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин карамагына өткөрүлдү.