Аялдар менен эркектердин маянасынын ортосундагы ажырым 30%дан ашты

28.11.2022, 17:12 Акчабар
Аялдар менен эркектердин маянасынын ортосундагы ажырым 30%дан ашты

Кыргызстанда төрт жылда (2017- 2021) аялдардын орточо маянасы 35,6%га, эркектердики 30,9%га өскөн. Бул тыянакты Улуттук статистикалык комитети жакында жарык көргөн “Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери” жыйнагында берген.

Ошол эле учурда эркектер менен аялдардын орточо эмгек акысынын өлчөмүнүн ортосундагы ажырым дагы эле 30%дан ашат.

Алсак, 2017-жылы аялдардын орточо айлык маянасы 12 миң 183 сомду түзсө, эркектердики 16 миң 802 сомду түзүп, 37,9%га жогору болгон.

Өткөн 2021-жылы аялдардын орточо айлык маянасы 16 миң 524 сомго, ал эми эркектердики 21 миң 999 сомго чейин өстү, бул 33,1%га жогору.

Тэги: новости Кыргызстана экономика зарплаты Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу