Президент: «Региондордун маселесине өзгөчө көңүл буруп жатам»

17.10.2019, 16:30 Акчабар
Президент: «Региондордун маселесине өзгөчө көңүл буруп жатам»

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө президенттикке талапкер кезинде бир катар убадалардын катарында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу убадасын бергенин эске салды.

«Региондорду өнүктүрүү зарылдыгы элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгынан келип чыкты. Буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди. Бюджет, салык, акча, кредит саясаттары региондордун өзгөчөлүгүн эске алган жок. Ошонун айынан ички миграция күчөдү. Ошол үчүн кайра-кайра регион деп айтып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатам», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Учурда жолугушуу суроо-жооп форматында уланууда.

 

Тэги: экспорт цифровизация развитие регионов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу