Жапаров: Бизнес идеяларды ишке ашыруу - экономиканын кыймылдаткычы

20.09.2021, 13:00 Акчабар
Жапаров: Бизнес идеяларды ишке ашыруу - экономиканын кыймылдаткычы

Бизнес-идеялар жана аларды практикалык ишке ашыруу экономикалык кыймылдаткычтын бир түрү катары кызмат кылат, бул алардын ишин активдештирүүнү, акчаны жана убакытты сарамжалдуу пайдаланууну талап кылат. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн ишкерлер күнүнө карата куттуктоосунда айтты.

Мамлекет башчысы коронавирус пандемиясынан улам өлкө экономикасы кризистик абалда калганын эске салды. Ал эми ишкерлер пандемиянын кыйынчылыктарына татыктуу турушту.

"Кыргызстандын ишкерлери мындан ары да өлкөбүздүн экономикасына олуттуу салым кошуп, Кыргызстандын рынокторунда гана эмес, анын чегинен тышкары чет элдик компаниялар үчүн сергек атаандаштыкты камсыздай тургандыгына терең ишенем", - деп айтылат билдирүүдө. 

Тэги: бизнес МСБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу