Ысык-Көл облусунда реалдуу акчалай киреше 29,8%га өстү

01.09.2022, 09:01 Акчабар
Ысык-Көл облусунда реалдуу акчалай киреше 29,8%га өстү

Ысык-Көл облусунун тургундарынын биринчи кварталда реалдуу акчалай кирешеси 11 миллиард 675,1 миллион сомду түздү. Мындай маалыматтарды Улуттук статистикалык комитеттин үй чарбаларынын тандалма изилдөөсү көрсөттү.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу киреше 8 млрд 210,5 млн сомду түзүп, 29,8%га өскөн.

"Керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешеси 133,5 млрд сомду түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 5,2% болду”, - деп билдирет статистикалык комитет.

Калктын акчалай кирешелеринин негизги булактары эмгек ишмердигинен алынган кирешелер болгон. Алардын үлүшү 67,8%ды түздү.

Ошол эле учурда Нарын облусунда жана Ош шаарында киреше тиешелүүлүгүнө жараша 8,6% жана 4,2%га төмөндөшү белгиленген.

Тэги: доходы население Иссык-Куль Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу