Айыл чарбасында өндүрүштүн реалдуу өсүшү 2,2% деңгээлинде күтүлүүдө

04.01.2023, 09:02 Акчабар
Айыл чарбасында өндүрүштүн реалдуу өсүшү 2,2% деңгээлинде күтүлүүдө

Айыл чарбасында быйылкы жылы 2,2% реалдуу өндүрүштүн өсүшү болжолдонууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Өсүмдүк өстүрүүнүн бардык түрлөрүн жана этти, сүттү, жумуртканы жана жүндү өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен өсүмдүк жана мал чарбачылыгында өсүш (2,2%га) көбүрөөк  күтүлүүдө. 

Айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүнүн өсүшүн камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттар айыл чарба жерлерин пайдалануунун жана рыноктук жүгүртүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, чарба жүргүзүүнүн кластердик ыкмаларын киргизүү, тоют өсүмдүктөрүн өндүрүүнү көбөйтүү, майда өндүрүштөгү тоскоолдуктарды жеңүү, айыл чарбасында санариптик технологияларды жайылтуу, өлкөдө жагымдуу эпизоотиялык кырдаалды сактоо жана башка чаралар болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, кийинки жылдары айыл чарбасындагы өсүш 2024-жылы 2,3% жана 2025-жылы 2,4% болушу күтүлүүдө.

 

Тэги: новости Кыргызстана сельское хозяйство производство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу