Кыргызстанда башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл жерлеринде социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган административдик-аймактык реформа жүргүзүлүүдө.
Пилоттук долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ирилештирилди.
Алсак, Түп районунда 13 айыл өкмөт 5ке, Нарын облусундагы 63 айыл өкмөтү 27ге кыскарган.
Бул үчүн бюджеттен Түп районуна 50 млн сом, Нарын облусуна 270 млн сом, жалпысынан 320 миллион сом бөлүнгөн.