Регионалдык инфраструктура жана соода долбоорлор атайын программа аркылуу 39.2 млрд $ каржыланган

09.12.2020, 14:00 Акчабар
Регионалдык инфраструктура жана соода долбоорлор атайын программа аркылуу 39.2 млрд $ каржыланган

2001-жылдан тарта Борбор Азиялык экономикалык кызматташуу программасы 208 регионалдык инфраструктура жана соода долбоорлорду жалпысынан 39.2 млрд долларга каржылаган. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын сайтында маалымдалат. 

Бул тууралуу Борбор Азиялык регионалдык экономикалык кызматташтыктын 19-министрлик конференциясында айтылган. 

39.2 млрд доллардын ичинен Азяи өнүктүрүү банкы 14.7 млрд доллар бөлгөн, 15.8 млрд доллар өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдөн которулган. Ал эми Борбор Азиядагы мүчө өлкөлөрдүн бийлиги аркылуу 8.7 млрд доллар бөлүнгөн. 

Андан сырткары, конференцияда санариптештирүүнү ылдамдатуу жана жеке секторду тартуу боюнча суроолор талкууланды. Программанын эксперттеринин айтымында, бул эки фактор пандемиядан кийинки экономиканын калыбына келүүсүнө шарт түзөт жана регионалдык кызматташтыкты ылдамдатып, инновацияны стимулдаштырып, өлкөлөрдүн алаамдашуу формасына калыптануусуна жардам берет. 

Кошумчалай кетсек, Борбор Азиялык экономикалык кызматташуу программасы саламаттык сактоо тармагындагы регионалдык изилдөөсүн жыйынтыктады. Анда ооруунун жайылуусун алдын алуу жана мигранттар жана чек арадагы жамааттар үчүн медициналык кызматтарды жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү белгиленген. 

Тэги: Борбор Азия кызматташуу программа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу