Лондондо кыргыз туризми жарнамаланышы мүмкүн

30.09.2022, 16:31 Акчабар
Лондондо кыргыз туризми жарнамаланышы мүмкүн

30-сентябрда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Улуу Британиялык профессор Кишан Дивани менен жолукту. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Жолугушууда Кишан Дивани Лондондогу жарнама аянтчаларда, тактап айтканда, метродо, таксилерде жана автобустарда Кыргызстанды туристтик өлкө катары таанытууну сунуштады. Анын айтымында, Непал, Индия жана Шри-Ланка сыяктуу бир катар өлкөлөр буга чейин ушундай кампанияларды жүргүзүп, Альбиондон жаңы туристтерди тарта алышкан.

Буга кошумча, Кишан Дивани фонддун ишмердүүлүгү жана долбоорлор тууралуу маалымат алды. Ал долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издөөгө убада берди. Ошондой эле Кыргызстанга Лондондо өтүүчү WTM 2022 эл аралык көргөзмөсүнө катышууга жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Профессор Дивани  Кыргызстанга Улуу Британиядагы кыргыз элчилигинин колдоосу жана чакыруусу менен келди. Ал өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде туризмди туруктуу өнүктүрүүнү изилдеп жатат.

Тэги: фонд поддержки развития туризма Великобритания туризм Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу