Америкалык Apple компаниясынын 2019 - жылдагы кирешеси 91.8 млрд $ түзгөн. Бул тууралуу РИА порталы билдирди.
Андан сырткары, компаниянын таза кирешеси 22.2 млрд $ түзгөн.
Компаниянын башкы жетекчиси Тима Куканын айтымында, компаниянын ийгилиги iPhone 11 жана iPhone 11 Pro уюлдук телефонуна жана уюлдук телефонго ылайык аксесуарларга болгон талаптын жогору болгондугунда.
Белгилей кетсек, кирешенин 61 пайызы эл аралык соодадан келип түшкөн.