Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогунда 8 вагон рельстен чыгып кеткен

19.12.2019, 11:12 Акчабар
Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогунда 8 вагон рельстен чыгып кеткен

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогунда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу машиналар жана кран тартылып, темир жолу тазаланды. Азыркы убакта 30 жүк ташуучу вагондор өткөрүлдү. Калыбына келтирүү иштери уланмакчы. Кырсык болгон жерде «Кыргыз темир жолу» ишканасынын тийиштүү кызматтары өз жумуштарын аткарып жатышат.

Эске салсак: Аталган участокто 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кеткен.

Учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.

 

Тэги: темир жол участок Кыргыз темир жолу рельс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу