Баткен жана Ош аймактарына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кызыл-Кыя шаарындагы У.Гулматов атындагы № 9 орто мектептин оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Имаратты оңдоо иштери 2018-жылы башталганына карабай, каражат маселесинен улам, аягына чыга электиги маалым болду. Бүгүнкү күндө үч кабаттын бирөө гана жаңыртылган. Ремонтко жумшалган каражаттын жалпы суммасы 13 миллион сом болсо, оңдоо иштеринин жалпы суммасы 31,7 миллион сомду түзөт.
"Мектепте башталган бардык жумуштарды тез жана сапаттуу бүтүрүү маанилүү. Бүгүн биз социалдык объектилердин курулушуна өзгөчө көңүл буруп жатабыз", - деди Улукбек Марипов.