Премьер-министр Улукбек Марипов Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) ишин жакшыртуу жана санын көбөйтүү боюнча кеңешме өткөрдү.
«Санариптик трансформациянын алкагында пландаштырылган бардык иш-чараларды тездетүү жана мурда белгиленген мөөнөттө аяктоо, инновациялык маалыматтык технологияларды киргизүү, көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу өтө маанилүү», - деп тапшырды Улукбек Марипов.
Белгилей кетсек, жакын арада республикада жаңы бир катар калкты тейлөө борборлору ачылат:
- 2021-жылдын 1-апрелине чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында КТБ ачылат;
- 2021-жылдын 1-апрелине чейин Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында КТБ ачылат;
- 2021-жылдын 10-апрелине чейин Бишкек шаарында КТБ ачылат, дареги: Жибек Жолу проспектиси 381 («Эльдорадо» соода борборунун мурдагы имараты);
- 2021-жылдын 20-апрелине чейин Бишкек шаарында универсалдуу сервистик борбор ачылат;
- 2021-жылдын 20-апрелине чейин Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында КТБ ачылат;
- 2021-жылдын 1-майына чейин Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айылдык округунда КТБ ачылат;
- 2021-жылдын 1-майына чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарында КТБ ачылат;
- 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында КТБ ачылат;
- 2021-жылдын 1-июлуна чейин Ош облусунун Араван районунун борборунда КТБ ачылат.
Маалымдама: Учурда Кыргыз Республикасында 26 калкты тейлөө борбору иштейт.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане