Финансы министрлиги республикалык бюджеттен «стимулдук грант» беренесине ылайык, дээрлик 80 мектептин оңдоп-түзөө жана курулуш иштерине 103 млн 65.1 миң сом бөлгөн. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат.
Анын ичинен Чүй облусунун эле 17 мектепке оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Жалпысынан бюджеттен 19 млн 862.1 миң сом бөлүнгөн.