Республикалык штаб: Медициналык мекемелердин курулушун жана жабдууларды алуу процессин тездетүү тапшырмасы берилди

11.08.2020, 16:24 Акчабар
Республикалык штаб: Медициналык мекемелердин курулушун жана жабдууларды алуу процессин тездетүү тапшырмасы берилди

Ооруканаларга жабдууларды, дары-дармектерди сатып алууну жана медициналык мекемелердин курулушун ишке ашырууну тездетүү керек. Бул тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов  тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине берди. 

Жаңы ооруканаларды куруу жана медициналык мекемелерге ыңгайлаштырып жасалып жаткан объекттерди оңдоп-түзөө, муну менен катар жүргүзүлүп жаткан иштерди каржылоо маселелери талкууланды. 

Штабдын отурумунда көпчүлүк жарандар коомдук жайларда санитардык-гигиеналык талаптарды сактабай жатканы айтылды. Жергиликтүү бийлик органдарына санитардык нормаларды сактоону катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. 

Тэги: Оорукана курулушу Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо мекемелери

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу