Кыргызстандын резервдери үчүнчү ай катары менен азайып баратат

10.04.2023, 10:12 Акчабар
Кыргызстандын резервдери үчүнчү ай катары менен азайып баратат

Улуттук банктын акыркы маалыматтары Кыргызстандын эл аралык резервдери үчүнчү ай катары менен азайгандыгын көрсөтүүдө.

Март айынын аягында республиканын резервдери 2 миллиард 489,7 миллион долларга бааланган, бул февраль айына салыштырмалуу 55 миллион 820 миң долларга, 2022-жылдын январь жана декабрь айларына салыштырмалуу 260,3 миллион жана 308,4 миллион долларга аз.

Азырынча запастардын азайышына эмне таасир эткени боюнча жыйынтык чыгаруу үчүн жетиштүү маалымат жок. Учурда запастар боюнча деталдуу бөлүштүрүү 2023-жылдын январында гана жеткиликтүү. Ал эми расмий резервдик активдердин 1,9%га, 2 млрд 668,7 млн ​​долларга чейин азайгандыгын көрүп жатабыз, бул республиканын башка активдеринин азайышынан улам болду. Ал эми алтын запастарынын көлөмү 955,1 миллион доллардан 1 миллиард 14 миллион долларга чейин жана валюта менен депозиттердин жалпы көлөмү 799,1 миллион долларга (+8,72%) көбөйгөнүн байкай алабыз.

Кошумчаласак, Улуттук банк башка активдерге түшкөн акчанын суммасын ачыкка чыгарбайт.

Тэги: новости Кыргызстана золотовалютные резервы валюта золото

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу