Казахстандыктарга ипотека онлайн режиминде берилет

13.03.2019, 16:42 Акчабар
Казахстандыктарга ипотека онлайн режиминде берилет

Коңшу мамлекетте  «7-20-25» программасынын алкагында он-лайн режиминде ипотекалык насыяга макулдук берүү механизми иштелип чыгууда. Анын алкагында  келечекте карыз алуучу аралыктан туруп арыз берип, ипотекалык насыяга банктын макулдугун ала алат деп жазды  kursiv.kz порталы.

« Мамлекеттик насыя берүү  системасын интеграциялоо максатында келечектеги  ипотеканы алуучу «Жарандар үчүн Өкмөт» прораммасынын алкагында кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалыматтарды автоматташтырылган системага киргизет. Анда кардардын карызды төлөө кудурети менен «Баспаны» долбоорунда өнөктөш болгон банктар берилүүчү сумааны эсептеп чыгат»–деп билдирди «Баспана» АК Ипотекалык уюмунун башчысы  Кайрат Алтынбеков.

Иштелип жаткан системакардарларга  банктарга барып убара тартпай, ипотека алууга кудети жетеби, аны аныктаган маалыматтарды киргизүү аркылуу өнөктөш банктардын макулдугун ала алат. Ал үчун кайсыл банк жана шарттары ынгайлуу  салыштырса болот. 

Системада электрондук архив топтолуп, анда арыз берүүдөн тартып, баардык отчеттордун түрү  сакталат. Андыктан, ипотекалык насыя алууда кайрадан чогултуунун кажети жок. 

Тэги: ипотека Казахстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу