Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Германия Республикасына болгон сапарында жалпы баасы 2 млрд доллар болгон макулдашууга кол коюусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Kapital.kz басылмасы жазат.
«Казакстан үчүн Германия негизги европалык өнөктөш болуп эсептелинет. Германия Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан менен 86% соода жүгүртөт. Иш сапар учурунда бир топ макулдашууларга жана 2 млрд долларга жакын меморандумга кол коюлаарына ишенем», — деп билдирет Касым-Жомарт Токаев Deutsche Welle берген маегинде.
Ал 2018-жылы Казакстан менен ЕСтин соода көлөмү 37 млрд $ болгонун, бул сумма өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүдөгү жарым көлөмү экенин билдирди.
Германия техникалык материалдарды иштеп чыгуу боюнча дүйнө жүзүндөгү лидер өлкө болуп саналгандыктан, Казакстан бирге кызматташууга кызыктар экенин айтты.
Касым-Жоомарт Токаевдин Германияга болгон мамлекеттик иш сапары 5-6 декабрда болот.