Кыргыз-орус өнүктүрүү жана "Бакубат Талас" фонддору Талас облусундагы долбоорлорду каржылашат

08.07.2021, 10:40 Акчабар
Кыргыз-орус өнүктүрүү жана "Бакубат Талас" фонддору Талас облусундагы долбоорлорду каржылашат

Кыргыз-орус өнүктүрүү жана "Бакубат Талас" фонддору Талас облусунда долбоорлорду каржылоо программасын башташат. Мындай чечим КОӨФ фондунун төрагасынын "Альянс Алтын" компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуусунда кабыл алынгандыгы маалым болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Талас облусундагы долбоорлорду комплекстүү каржылоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашылды. Бул ыкма калктын иш менен камсыз болушунун жана жыргалчылыгынын өсүшүн камсыз кылган регионго оң социалдык таасирин тийгизет дешүүдө.

Биргелешкен каржылоонун натыйжасында өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы Талас облусунун бардык аймагына жеткирилет.

Ушул максаттарда "Бакубат Талас" фондунун каражаттарынан насыя линиясын ачуу пландаштырылууда. КОӨФ өз кезегинде өнүгүү потенциалы бар долбоорлорду тандап, башкарат. Тараптар ошондой эле ушул линияда сүт өндүрүү боюнча пилоттук долбоорду баштоону пландаштырышты.

Жакын арада Талас облусунда долбоорлорду ишке ашырууну баштоо үчүн ресурстарды биргелешип пайдалануу боюнча тиешелүү келишимге кол коюу пландаштырылууда.

Тэги: Бакубат Талас Альянс Алтын РКФР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу