Ош облусунун Алай районунда кичи ГЭС курулат. Объект Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашат.
Тогуз мегаватт кубаттуулуктагы станция Алай районунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 86 пайызын камсыздайт деп күтүлүүдө.
ГЭСке заманбап жогорку технологиялык жабдуулар колдонулат.
Курулуш иштерине 4 миллион доллардан ашык каражат бөлүнөт. Каражатты кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берет.