КОӨФ Нарындагы сүт заводуна өндүрүштү көбөйтүүгө жардам берди

06.06.2022, 16:07 Акчабар
КОӨФ Нарындагы сүт заводуна өндүрүштү көбөйтүүгө жардам берди

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Нарын облусунда сүт азыктарын өндүрүүнү көбөйтүү долбоорун каржылады. Бул тууралуу фонддун расмий сайтында жазылды. 

Маалыматка ылайык, фонддун колдоосу менен "Ат Башы сүт" ишканасы 64 европалык асыл тукум уйларды сатып алып, аларды тейлөө үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган сүт комплексин курду.

"Алар Кыргызстандын шартына ыңгайлашып, суткасына ар бир уй 20 литрден сүт беришиүүдө. Долбоордун алкагында жалпысынан 170 баш уй сатып алынат", - деп кошумчалашты фонддон.

Белгилүү болгондой, облуста сүт аз болгондуктан, ишканада мурда сыр, май өндүрүү үчүн сырьё жетишсиз болуп келген. Ишкананын иши, компаниянын күтүүсүнө ылайык, анын сырьего болгон муктаждыгын 30% га камсыздайт, бул анын жыл бою иштөөсүнө шарт түзөт.

КОӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиковдун айтымында, республика боюнча фонд тарабынан 427 миллион долларга 3,2 миң долбоор ишке ашырылса, анын ичинен 92 долбоор Нарын облусуна туура келет. Алардын жалпы суммасы 5 миллион долларды түзгөн.

 

Тэги: молочно-товарный комплекс нарынская область РКФР Артем Новиков производство молока

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу