КОӨФ 3,2 миңден ашык бизнес долбоорду 9% менен каржылады

12.08.2022, 12:03 Акчабар
КОӨФ 3,2 миңден ашык бизнес долбоорду 9% менен каржылады

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнести коммерциялык банктар аркылуу 215 миллион долларга 3,2 миң долбоорду каржылады. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Белгилеп кетсек, фонд 14 өнөктөш банк менен иштешип, чакан жана орто бизнес долбоорлорун ишке ашырууга 20 миң доллардан 1 миллион долларга чейин каражат бөлүүдө.

"Биз ар бир ишкер өзүнүн идеяларын жана долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген каржылоону алуусу үчүн Кыргыз Республикасынын бардык облустарын жана райондорун камтып жатабыз. Насыя алуучулар акчаны белгиленген чен менен ала алышат – сом менен 9% жана доллар менен 5%. Туристтик инфраструктуралык долбоорлорду жакшыртуу үчүн кредиттер АКШ долларында 7% жана кыргыз сому менен 11% болот. Банктар эч кандай комиссия албайт", - деп билдирди фонд.

Фонд каржылоону каалагандар белгилүү бир талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи. Алардын негизгилери кредитти төлөө булактарынын болушу, ал банк тарабынан бааланат.

"Зайымчыга, ошондой эле анын катышуучуларына карата, алардын уставдык капиталындагы үлүшү 51%дан ашса, банкроттук процесси козголбоого тийиш. Ошондой эле, чакан жана орто бизнес субъектисинин уставдык капиталындагы мамлекеттин катышуусунун үлүшү 5%дан ашпашы керек", - деп айтылат КОӨФ билдирүүсүндө.

Тэги: поддержка бизнеса РКФР Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу