Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду сүттү кайра иштетүүчү ишканага 1 млн доллар бөлдү

30.08.2022, 10:47 Акчабар
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду сүттү кайра иштетүүчү ишканага 1 млн доллар бөлдү

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусундагы сүттү кайра иштетүүчү ири ишканалардын бири болгон “Ак-Булак плюс” ЖЧКсына 1 миллион доллар бөлдү.

Компания Каракол шаарында жайгашкан. Анда май, сыр жана кургак сүт чыгаруучу цехтер бар. Жылына максималдуу сүт өндүрүү суткасына 80 тоннага жетет, орточо суткалык кайра иштетүү 30 тоннаны түзөт.

“Ак-Булак плюс” фонду тарабынан көрсөтүлгөн колдоодон кийин биз суткасына 10 тоннага чейин продукция чыгаруучу европалык деңгээлдеги жаңы автоматташтырылган сыр линиясын ишке киргиздик. Ишкана күн сайын 100 тоннага чейин сүттү кошумча иштете алат жана жумушчу орундардын саны дагы көбөйөт”, - деп айтылат маалыматта.

Ишкананын продукциясы Кыргызстанда гана эмес, коңшу өлкөлөрдө да суроо-талапка ээ экени айтылат. Алсак, товар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиянын ири шаарларына экспорттолот. Учурда Кытайга жеткирүү үчүн байланыштар түзүлүүдө.

Тэги: производство молока РКФР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу