Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду дагы үч компанияга каражат бөлдү

24.11.2022, 15:55 Акчабар
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду дагы үч компанияга каражат бөлдү

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишмердүүлүгүнүн алкагында 465,7 миллион долларга 3257 долбоорду каржылады. Анын ичинен 3162си кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Фонд чакан жана орто бизнес аркылуу 14 өнөктөш банк менен иш алып барып, долбоорлорго 20 миң доллардан 1 миллион долларга чейин каражат бөлөт. Негизги басым өндүрүш тармагы, агро өнөр жай комплексин колдоо, туризм, инфраструктура, транспорт жана логистиканы өнүктүрүүгө жасалат .

“Быйыл Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өз ишмердүүлүгүн кыйла активдештирди. Белгиленген пландан ашыра аткардык. Жакынкы жылдарда фонддун каражаттарын өздөштүрүү жана өлкөдө ири кластердик долбоорлорду ишке ашыруу темпи дагы жогорулайт деп ишенебиз”, - деди фонддун жетекчиси Артем Новиков.

Алсак, фонд майонез, кетчуп, май жана уксус чыгарган “ДаниЭл” ЖЧКсына 15,4 миллион сом бөлдү. Ишкана өнүмдөрдү таңгактоочу жабдууларды сатып алууга, монтаждоо жана аны орнотууну ишке киргизүүгө жумшады. Ошондой эле, “Нурсут” ЖЧКсына сыр жана башка сүт жана кычкыл сүт азыктарын өндүрүү үчүн жабдууларды сатып алууга жеңилдетилген насыя берилди. Фонддун каражаттары "АТА" кондитердик фабрикасына жаңы таңгактоочу жабдууларды сатып алууга, өндүрүш линияларын автоматташтырууга, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө жана чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берди.

 

Тэги: новости Кыргызстана РКФР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу