Робин Брукс Евробиримдикке Кыргызстанга санкция салууну сунуштады

30.05.2024, 16:31 Акчабар
Робин Брукс Евробиримдикке Кыргызстанга санкция салууну сунуштады

Эл аралык финансы институтунун башкы экономисти, Goldman Sachs’тын мурдагы башкы валюта стратеги жана Эл аралык валюта фондунун улук экономисти Робин Брукс өзүнүн X (Twitter) баракчасына Евробиримдикке Кыргызстанга каршы санкция салышын жазды.  

Муну ал Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал башталгандан бери Сербиядан Кыргызстанга экспорттун нормалдуу эмес өсүшү менен байланыштырган. 

“Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүндө Кыргызстанга экспорт тездик менен өсүп жатат, бирок Кыргызстандын маалыматтарында бул өлкөлөрдөн импорттун өсүшү дээрлик байкалбайт. Кыргызстан жөн гана эсеп-фактурада көрсөтүлгөн аталыш. Чыныгы көздөгөн жер Орусия. Бул ачык сыр", - деди ал. 

Эске салсак, буга чейин Робин Брукс Германиядан Кыргызстанга автоунаалардын экспорту көбөйүп жаткандыктан санкция киргизүүнү сунуштаган.  

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу