Россельхознадзор Кыргызстандан 22 тонна бадам алып келүүгө тыюу салды

03.02.2023, 10:20 Акчабар
Россельхознадзор Кыргызстандан 22 тонна бадам алып келүүгө тыюу салды

Январь айында Россельхознадзордун Оренбург облусу боюнча башкармалыгы карантиндик фитосанитардык мыйзамдардын талаптарына ылайык, карантиндик объекттердин аныкталгандыгына, импорттолуусуна байланыштуу Россиянын аймагына тиешелүү жана фитосанитардык сертификаттардын жоктугунан улам 62,24 тонна карантинге алынган өнүмдү алып кирүүгө тыюу салган. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды. 

Анын ичинде 27-январда Кыргызстандан 22 тонна кабыгы тазаланган бадамды (Түркиядан келген) алып келүүгө тыюу салынган. Бадам жараксыз фитосанитардык сертификат менен келген. 

Мыйзам бузуучу Россиянын Административдик кодексинин 10. 2 беренеси боюнча административдик жоопкерчиликке тартылды. Карантиндик өнүм чыгарылган өлкөгө кайтарылды. 

Тэги: новости Кыргызстана новости экономики экономика экпорт Россельхознадзор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу