Россия жана Казакстанга мунай казуунун көлөмүн көбөйтүүгө уруксат берилди

06.01.2021, 11:30 Акчабар
Россия жана Казакстанга мунай казуунун көлөмүн көбөйтүүгө уруксат берилди

ОПЕК+  курамындагы өлкөлөр Россия жана Казакстанга мунай казууну этап-этабы менен көбөйтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу ОПЕК+ өлкөлөрүнүн жыйынында Казакстандын энергетика министри билдирди.

 

 

Министр Нурлан Ногоевдин айтымында, азыркы макулдашуу мунай рыногуна жакшы натыйжа берет. Макулдашуу мунайды өндүрүүнү кыскартуунун учурдагы деңгээлин 2021-жылдын февраль жана март айларына узартуу жөнүндө чечимдин негизинде кабыл алынган.

 

 «Муну менен катар Казакстан жана Россия үчүн өзүнчө шарт коюлган. Бир суткада 10 жана 65 миң баррелге чейин өндүрүү керек», — деп белгилешти ведомстводон.

 

Алдын ала берилген прогнозго ылайык, Казакстанда февраль жана март айларында суткасына  1.427 млн баррелге чейин мунай казылат.  

 

 

Тэги: нефть Казахстан Россия ОПЕК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу