Бишкекте «Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы мейкиндиктери менен интеграция» аталышындагы кыргыз-орус аймактар аралык VIII-конференция өтүүдө.
Иш-чаранын алкагында кызматташуу боюнча иштеп жаткан жана жаңы ачыла турган долбоорлорго кол коюлат.
Алардын бири Кара-Балта кен иштетүү компаниясы. Бул Кыргызстандагы алтынды чайкаган жалгыз ишкана. Алтындан тышкары башка баалуу металлдар да чайкалат. Акционерлер аны модернизациялоого $10 млн жумшашты.
«Акыркы эки-үч жыл аралыгында акционерлер Кара-Балта тоо-кендерин иштетүүчү комбинатты жаңылоого көп каражат жумшашты. Кошумча каражаттар тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүүгө жана жалпы бул тармакты жакшыртууга багытталган. Негизги каражат Ысык-Көлдөгү уран кенин казууга, Кара-Балта тоо-кен комбинатын модернизациялоо жумшалат. Мындан тышкары Таласты өнүктүрүүгө дагы каражаттар каралган» –деп түшүндүрдү «Акчабарга» «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ААК акционерлер коомунун өкүлү Андрей Акимов.