Орус адистери Кыргызстандын эмгек рыногун өздөштүрүп жатат

05.10.2022, 10:47 Акчабар
Орус адистери Кыргызстандын эмгек рыногун өздөштүрүп жатат

Кыргызстанга орусиялыктар массалык түрдө келгенден кийин социалдык тармактар аркылуу өз кызматтарын активдүү сунуштай башташты.  Сунуштардын көпчүлүгү сулуулук индустриясынын кызматкерлеринен, психологдордон, тренерлерден, татуировкачылардан жана IT адистеринен түшүүдө. 

Алардын арасында Кыргызстандын эмгек рыногунда мурда жок болгон кызматтарды сунуштагандар да бар. Алсак, Дмитрий Кыргызстанга жакында эле келген. Ал стартаптарга сын-пикир жазуу менен алектенип, ишти оптималдаштыруу жана маркетинг боюнча кеңештерди берет.

Дмитрий “Акчабарга” Кыргызстандагы кызматы арзаныраак болоруна даяр экенин, бирок суроо-талаптан улам мурдагыдай эле киреше таба аларына ишенерин айтат. 

“Менимче, эки вариант бар. Биринчиси, сын-пикирлердин саны бирдей болот, мен азыраак табам, экинчиси чектин түшүп калганынан улам сын-пикирлерге талап көп болот. Андан мен көп жоготпойм, бирок көбүрөөк иштешим керек же кээ бир кызматтарды алып салышым керек. Бирок, менде дагы бир кызмат бар, анын баасы өсө берет, анткени менин блогума катталгандардын саны өсөт ", - дейт Дмитрий.

Өз кезегинде Кыргызстандагы иш берүүчүлөр да кесипкөй адистерди карай башташты. Алардын ою боюнча, жаңы адистер жакшы тажрыйбага ээ, бул жалпысынан иш процесстерине оң таасирин тийгизет.

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Акчабар” 21-сентябрдан 3-октябрга чейин 10 430 орус жараны Кыргызстанда жашаган жери боюнча катталганын жазган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 72%га көп.

Тэги: экономика рынок услуг новости Кыргызстана новости ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу