Россия кыргыз мигранттарына жардам катары 10 млн рубль бөлгөн

20.11.2020, 11:30 Акчабар
Россия кыргыз мигранттарына жардам катары 10 млн рубль бөлгөн

Пандемиянын алгачкы толкунунда Россиядагы кыргызстандыктар эң оор абалга кабылышкан. Жардам катары мигранттарга республикалык бюджеттен 10 млн рубль бөлүнгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргызстандын Россиядагы Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Майрамбек Бейшенов билдирди.

Бейшеновдун айтымында, каражаттар ТИМдин линиясы аркылуу бөлүнгөн. Акчалар КР Россиядагы элчилиги тарабынан бөлүштүрүлгөн.  

«Каражаттар кыйын абалга кабылган мигранттарды колдоого багытталган. Азык-түлүк товарлары, коргонуучу каражаттар сатылып алынган жана ижарага акылары төлөнүп берилген. Ооругандар үчүн дарылоо акысы төлөнүп берилген», — деп айтты ал.

Андан сырткары, Бейшенов эскерткендей, миграция кызматы 20 миң доллар берген Эл аралык миграция уюму менен меморандум түзгөн.  

2021-жылга карата дагы жардамдар берилеби азырынча белгисиз.

 

 

 

Тэги: пандемия Россия мигрант жардам каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу