Россия долларсыз жашоого камынууда

15.03.2019, 14:57 Акчабар
Россия долларсыз жашоого камынууда

Россиянын  банктары  АКШ долларына көз каранды болбогон   «суверендүү» системаны киргизүүгө  камынып жатат.  Анткени,  АКШ жакын арада Кремель менен кызматташкан уюмдарды кара тизмеге киргизүү боюнча жаңы мыйзамды кабыл алышы мүмкүн. Бул тууралуу «Рамблер» басылмасы  Reuters агентигине  таянып жазып чыкты.

Доллар менен эсептөөбөгө  Россия Федерациясынын баардык банктары кабылат. Анда  эки чоң  коркунуч бул – SWIFT банк  системасынан чыгуу жана АКШ келген валюта  долларга тыюу салуу болушу күтүлүүдө.  

 Россиянын  финансы минстрлиги санкция болсо андан чыгуунун жолдорун издөөдө: буга кабылган банктар корэсептөө  россиялык «таза» банкта жасалат. Жыйынтыгында валюта  узун чынжырда өтүп, санкцияга кабылган операцияны көзөмөлгө  алуу кыйынга турат. 

Россиянын банктарынын  ассоциациясынын башчысы   Гарегин Тосунян айтымында, эгерде мыйзам кабыл алынса, россиялык банктарга анын таасири  анчалык күчтүү болбойт.

«Россиялык банктардын доллардык коруна эч ким  конфискация  жасабайт. Америкалыктар орус банктарын  — доллар менен эсептөө жасоосуна тыюу салышы каралууда. Бул банк системасы үчүн  жагымсыз жагдай бирок, аябай деле коркунучтуу эмес» — деп айтты ал.

Россиялык банктардын  SWIFT системасынан чыгуусу  2014-жылдан бери талкууланып келе жатат. Жогорку Экономика мектебинин (ВШЭ)  банк институту  боюнча директору  Василий Солодков пикиринде, Россияны  SWIFT  системасынан  чыгаруу,  ашыкча чектен чыгуу  катары баалайт. 

«SWIFT  системасы Американын  юрисдикциясына тиешелүү  уюм эмес. Анын башкы кеңсеси Бельгияда жайгашып,  кайсыл бир өлкөнү SWIFT системасынан чыгарууга  АКШ Евробиримдикке  сураныч жөнөтүп, аны системанын жетекчилиги карайт. Айтмакчы, АКШ  аларга сунуш гана бере алат, бирок буюрук эмес. Ошондуктан, Брюссель гана бул системадан чыгар алат, эгерде  ЕБ  санкциясы болсо» —деп кошумчалады эксперт.

Тэги: Swift доллар Россия США санкции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу