Орусиялыктардын банк алдындагы карызы 10 ай ичинде 1.5 трлн рублду түзгөн

10.12.2020, 13:00 Акчабар
Орусиялыктардын банк алдындагы карызы 10 ай ичинде 1.5 трлн рублду түзгөн

«Биргелешкен насыя бюросунун» маалыматына ылайык, бир жыл ичинде банк алдындагы карызынын мөөнөтү 90 күндөн ашып кеткен жарандардын саны 224 миңди түзгөн. 

Октябрь айында потенциалдуу карызкорлордун саны 1.12 млн адамды түзгөн. Алардын банк алдындагы карызы үстөк пайызы менен 1.5 трлн рублга жеткен. Бул өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 250 млрд рублга жогору. 

Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын сентябрь айынан тарта 50 миң рублдан 500 миң рублга чейинки карызкорлорду,  жөнөкөйлөтүлгөн шарттар аркылуу, банкрот статусун берүү мыйзамы кабыл алынган. 

Тэги: Россия карыз Борбордук банк банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу