Орусия Кыргызстанга күйүүчү майдан жардам берет

12.03.2021, 13:10 Акчабар
Орусия Кыргызстанга күйүүчү майдан жардам берет

2021-жылы Орусия Кыргызстанга 50 миң тонна мунай, 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизелдик күйүүчү май, 100 миң тонна учактар үчүн атайын күйүүчү май берет. Бул эки өлө ортосундагы түзүлгөн келишимдердин негизинде берилет, - деп билдирди Отун, өнөр жай жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитети.

 

Дүйнө жүзүндө мунайдын баасы өсүп жатканына байланыштуу, жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы орточо эсеп менен 12-13 сомго кымбаттады. Андан сырткары, өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы күчөп, буга карата кыргыз өкмөтү 1-марттан тартып ЕАЭБден сырткары үчүнчү өлөлөргө 20 литрден ашык күйүүчү майды ташып чыгууга тыюу салган. 

Эксперттердин айтымында, күйүүчү майдын баасы 50 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

 

Тэги: Кыргызстан Россия мунай бензин күйүүчү май

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу