Кыргызстан Казакстан жана Россия бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ишкерлерди улуттук валюта менен иш алып баруусун милдеттүү түрдө жүргүзүү мүмкүнчүлугун карап жатат. Бул тууралуу премьбер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Өкмөт башчы бул сунушту ата мекендик ишкерлерди колдоо максатында демилгеленип жаткандыгы менен түшүндүрдү.
«Зарылдыгына жараша кошумча чаралар кабыл алынат. Алар: мамлекеттик сатып алуулар процессине ата мекендик компаниялардын катышуусун колдоо боюнча иштерди күчөтүү жана товарларды, кызматтарды көбөйтүү; бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийди дагы 1 жылга узартуу жагын карап чыгуу (2022-жылга чейин). Быйылкы жылдан тартып Салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү көзөмөлдөөчү текшерүүлөрдүн саны кыскартылат. Эгерде компаниялар салык милдеттерин толугу менен аткарган болсо, анда текшерүүлөр дистанциялык режимге өткөрүлөт», - деди Министрлер кабинетинин жетекчиси.