Россия менен ОПЕКтин келишими бузулгандыктан доллардын курсу 72 рублга чейин көтөрүлдү

09.03.2020, 17:30 Акчабар
Россия менен ОПЕКтин келишими бузулгандыктан доллардын курсу 72 рублга чейин көтөрүлдү

6 - март күнү ОПЕКке (мунай затты экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму) мүчө болгон мамлекеттер жана мүчө болбогон мамлекеттер 2016-жылдан тарта башка мунай өндүрүүчү өлкөлөр менен алгачкы жолу келишим түзө алышкан жок. Бул тууралуу Reuters  жана  Bloomberg басылмасы билдирди. 

5-мартта ОПЕКке мүчө мамлекеттер 2020-жылдын аягына чейин мунайды казууну кыскартуу боюнча азыркы макулдашууну улантууну сунушташкан. Бирок Россия жана Сауд Арабия бир пикирге келишкен жок. Москва келишимди мурунку шарт менен 2020-жылды экинчи кварталында улантууну сунуштаган, ал эми Сауд Арабия - 2020-жылдын аягына чейин муна казууну  1.5 млн баррелге чейин кыскартарын билдирген. 

Алдын  ала божомолдоп айтылган боюнч,а бул кыскартуудан 1 млн баррелди ОПЕКке мүчө мамлекеттер алат, ал эми калган 500 миң баррель - мүчөгө кирбеген мамлекеттерге, анын ичинен 300 миң баррель Орусияга таандык болуп калмак. Bloomberg берген маалыматка ылайык, ОПЕК мамлекеттери Россияга, эгерде Москва келишимден баш тартса, картель бардык макулдашууларды жокко чыгарарын билдиришкен. Белгилеп кетүүчү нерсе, ОПЕКке кирбеген мамлекеттердин 90% мунай казуунун көлөмүн азайтууга макул. Бул макулдашууга бир гана Россия каршылыгын көрсөтүүдө. 

ТАСС басылмасы билдиргендей,  «Роснефтинин» басма сөз катчысы Михаил Леонтьев ОПЕКтеги мамлекеттердин жана ага мүчө болбогон өлкөлөрдүн макулдашуусу Орусиянын кызыкчылыгына туура келберин билдирип, буга чейинки шартта жаңы макулдашууга кол коюлмак деген пикирин айткан. 

«Макулдашуунун башкы өзөгү, өндүрүлгөн мунайдын бардык көлөмү  жыйынтыгында, ОПЕК+ макулдашуусун узартып турган. Дүйнөлүк рынокто америкалык мунай менен тең катар болуп туруучу. АКШдан сырткары башка мамлекеттер дагы мунай өндүрүүнү көбөйтүүгө даяр. Ошон үчүн Орусиянын көз карашы менен алып караганда, бул келишим жөн гана маанисин жоготту. Бирок, Москвага берген сунуш - өнөктөштүккө жатпайт. Өнөктөштүк макулдашуу дайыма компромисс аркылуу ишке ашат», — деп түшүндүрдү ал. 

Investing.com маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 9-мартта Brent  маркасына болгон бир баррель мунайдын баасы 32 $ болгон. Келишим жабыларда анын баасы 46 $ чыккан. Москва убактысы боюнча саат  01:15 Brent 22% арзандаган. Мындай төмөн баскычты мунай 2016-жылдын январь айында ээлеген. Bloomberg билдиргендей, Goldman Sachs банкы жүргүзгөн анализде, Brent мунайдын бир баррелге болгон баасы 20 $ чейин түшүшү мүмкүн. 

«Сауд Арабия керектөөчү бааны агрессивдүү түрдө чектеп салгандыгы үчүн, ОПЕК жана Россия бул эс алуу күндөрү баа боюнча согушту башташты.Мындай көрүнүш 2014-жылы дагы болгон. Бирок, азыркы маселе мындан дагы орчундураак. Мунайга болгон талап коронавирустун айынан дагы азайууда», — деп билдиришти банктын аналитиктери. 

«Россиянын картел келишиминен баш тартканы күнүнө 100-150 млн $ турат деп», — билдиришкен вице-президент жана «Лукойла 018» ишканасынын биргелешкен ээси Леонид Федун. 

«Мен шок абалдамын. Бул абдан күтүүсүз нерсе. Чечим толук кандуу рационалдуу түрдө кабыл алынган эмес», — деп комментарий берген. 

 

Тэги: Россия ОПЕК ОПЕК+ мунай Россия Сауд Арабия доллар рубль Bloomberg

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу