Орусия ар бир облуска бирден, Бишкек жана Ош шаарларына да бирден мектеп курат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын вице-премьер-министри Алексей Оверчук соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын жыйынында билдирди.
Мектептердин биринчиси 2025-жылы ачылып, орус тилинде окутулушу күтүлүүдө. Ар бир мектепте спорт аянтчалары, бассейндер, чуркоо жана оюн аянтчалары бар 4 корпус болот.
Курулуш толугу менен Россия Федерациясынын эсебинен жүргүзүлөт.
Тиешелүү макулдашууга Билим берүү министри Каныбек Иманалиев жана Россия Федерациясынын билим берүү министринин орун басары Денис Грибов кол коюшту.