Орусия Кыргызстанга бензинди бажы төлөмүсүз жеткирүүнүн көлөмүн көбөйттү

13.10.2021, 11:23 Акчабар
Орусия Кыргызстанга бензинди бажы төлөмүсүз жеткирүүнүн көлөмүн көбөйттү

Орусиядан Кыргызстанга бензин жана дизель майын бажы төлөмүсүз ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча 2016-жылдын 6-июнундагы эки өлкөнүн өкмөттөр ортосундагы мунай жана мунай продуктыларын жеткирүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле 2022-жылга индикативдик балансты тууралоо жана бекитүү жөнүндө протоколго кол коюлду.

Документке кыргыз тараптан энергетика жана өнөр жай министринин орун басары  Нурлан Шаршеналиев, экономика жана финансы министринин орун басары Эльдар Алишеров, ал эми Орусия тараптан энергетика министринин орун басары кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиядан 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель майы бажы төлөмүсүз ташылчу, эми анын көлөмү көбөйтүлдү. Тагыраак айтканда, 650 миң тонна бензин, 550 миң тонна дизель майы бажы төлөмүсүз ташылат.

Тэги: ГСМ беспошлинный бензин Россия Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу