Орусия «Торугарт» өткөрүү пунктун жаңылоого дагы 2 млн доллар бөлөт

29.03.2023, 15:29 Акчабар
Орусия «Торугарт» өткөрүү пунктун жаңылоого дагы 2 млн доллар бөлөт

Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиков кол коюлган келишимдерге токтолду.

Маалыматка ылайык, жалпысынан үч келишимге кол коюлду:

  • Салыктык башкарууну ишке ашырууда Кыргызстанга кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө;
  • Мамлекеттик финансыны башкарууда илимий-методикалык колдоо жана техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө.

Үчүнчү макулдашуу – 2015-жылы кол коюлган ЕАЭБди ишке ашырууга өтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол болду.

Дагы бир келишимге ылайык, Орусия "Торугарт" өткөрмө бекетин жаңылоо үчүн каражатты 2 миллион долларга көбөйтөт.

Тэги: экономика новости Кыргызстана Кыргызстан и Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу