«Россиядагы көйгөйдөн улам Борбор Азиянын ИДПсы өсөт» — ЕРӨБ

17.02.2023, 11:36 Акчабар
«Россиядагы көйгөйдөн улам Борбор Азиянын ИДПсы өсөт» — ЕРӨБ

Быйыл Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы орто эсеп менен 4,9 %га, 2024-жылы 5,4 %га өсөт. Мындай божомолду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) баяндамасында билдирди. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды.

Серепчилер мындай божомолду Россия жана Украина мамилеси, инфраструктурага инвестициянын агымы, энергиянын баалары менен байланыштырууда. Тактап айтканда, россиялык бизнестин жана эл аралык компаниялардын филиалдарынын коңшу өлкөлөргө көчүрүлүшү, жумушчу күчү жана капиталынын акырындык менен жылышын жүйө келтирген. Маалыматта Россиянын соода жүгүртүүсүндө ортомчу катары Борбор Азиянын ролу жогорулагандыгы белгиленген. 

ЕРӨБ Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тизмесине Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан тышкары Монголияны да киргизген.

“ЕРӨБ аталган өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүн алдын ала болжолдоду. Ага ылайык эң жогорку өсүш Тажикстанда 8 %дан жогору болору күтүлүүдө. Андан кийинки орунда Кыргызстан менен Монголия 7 %, андан соң Түркмөнстан менен Өзбекстан 6,5 %, ал эми эң төмөн 3,5 %дан көбүрөөк Казакстандын ИДПсынын өсүшү күтүлүүдө. Антсе да Казакстан Борбор Азия боюнча жан башына ИДПнын эң жогорку көрсөткүчүнө ээ”, - деп айтылат маалыматта. 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу