«Этникалык кыргыздардын жарандык алуусун жөнөкөйлөтүү керек» — Бекешев

22.02.2023, 13:32 Акчабар
«Этникалык кыргыздардын жарандык алуусун жөнөкөйлөтүү керек» — Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда орусиялыктар жарандык алуу үчүн 300 миң рубль төлөшөрүн билдирди.

Анын айтымында, мамлекет этникалык кыргыздарга жарандыкты жөнөкөйлөтүлгөн тартипте бериши керек.

"Биз аларды кыйнап жатабыз. Биринчиден, кайрылман статусун беребиз. Ал эми ошол эле учурда Орусиянын жарандары келип, 300 миң рублга биздин жарандыгыбызды жеңил эле алышат. Бул туурабы? Мен орустарга жарандыкты жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүүгө каршы эмесмин, бирок бул жерде теңсиздик болуп жатат”, - деди ал. 

Белгилей кетсек, былтыр Тажикстандан 338 кайрылман келген.  

Тэги: экономика новости Кыргызстана этнические кыргызы Жогорку Кенеш релоканты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу