Экономиканын реалдуу секторунун өсүшү жогору болору күтүлүүдө

08.12.2022, 09:44 Акчабар
Экономиканын реалдуу секторунун өсүшү жогору болору күтүлүүдө

Ушул жылдын аягында ИДӨнүн реалдуу өсүшү “Кумтөрдү” эсепке алганда 4,8%ды түзсө, ансыз 4,3%га жакын түзөт. Мындай божомолдорду жөнгө салуучу орган билдирди. 

“Кумтөр” кенин иштетүүдөгү өндүрүштүн көлөмү 2021-жылдагы өндүрүштүн көлөмүнөн жогору болору күтүлүүдө.

“Мурунку отчетко салыштырмалуу азыркы баалоолор оңдолуп-түздөлдү жана жогорулатылды. Буга соода кызмат көрсөтүү тармактарынын иш жүзүндөгү өсүш арымы, үчүнчү чейректеги продукцияга таза салыктар өткөн чейректеги күтүүлөргө салыштырмалуу жогору болгондугу менен түшүндүрүлөт”, - деп баса белгилейт Улуттук банк. 

Болжолдогон экономикалык өсүш айыл чарбасы, мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана соода аркылуу колдоого алынат. 

“Келерки 2023-жылы реалдуу ИДӨнүн өсүү темпи болжол менен “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда (3,3%) 3,6% деңгээлинде белгиленет”, - деп болжолдойт Улуттук банк. 

Тэги: новости Кыргызстана экономика ВВП Кумтор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу