Россия менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 17% жетти

22.03.2019, 14:25 Акчабар
Россия менен  Кыргызстандын товар жүгүртүүсү  17% жетти

Россиянын экспорт борборунун  маалыматы боюнча РФ менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлантуу 2018-жылы  17% өскөң. Ташылган товарлардын көлөмү $1.9 млрд жеткен.

Эки мамлекеттин товар айлантуу системасынын негизин  экспорт түзүп, анын көлөмү $1.6 млрд жеткен. Жалпы өсүү россиялык экспорттун өсүшү, ошондой эле импорттун дагы көлөмү жогорулаган: алсак өткөн жылы экспорт 16.9% жетсе, а импорт  17.1% өскөн.

«Акыркы  эки жыл аралыгында  терс өсүш тескеринче оң  болуп, биз эми эки тараптуу товар айлантуунун ушул темпин сактоо ниетибиз бар» – деп билдирди «Россиянын экспорт борборунун»  башкы директору (РЭБ) Андрей Слепнев.

РЭБ маалыматына таянсак, россиялык компаниялардын кыргыз рыногуна чыгуусу кызыгууну артырууда. Учурда орус-кыргыз кызматташтыгы бир нече багыттарда жүрүп: агроөнөр жай менен токой өнөр  жай комплекстери, металлопродукция тармагында иш алып барууда. 

Рынокко чыгуудагы кыйынчылыктарды жеңүү үчүн экспортко багытталган компанияларга финансалык жана каржылык эмес бир катар колдоо РЭБ  тарабынан  көрсөтүлүп  келет. Анда экспорттук насыяларды камсыздандыруу  жана инвестициялоо (ЭКСАР)  менен  Росэксимбанк  аркылуу жасалат. 

Келчекте Россиянын чет мамлекеттердеги анын ичинде Кыргызстандагы соода борборлорунда  РЭБ эксперттери иштей башташат. Алардын негизги максаты россиялык товар өндүрүүчүлөр менен чет элдик сатып алуучулар ортосунда бирдиктүү бекем байланыш каналын түзүү. 

«РЭБ тарабынан соода өкүлүн жөнөтүү бул комплекстүү иш-аракеттин бир гана бөлүгү. Алар экспорттук  чөйрөгө көп компанияларды киргизүү үчүн аракеттерди жасайт. Экспортко алып чыгуу жеңил,  пайдалуу жана  кооптонуу жок экенин көрсөтүү »  – деп билдирди  Слепнев.

Айта кетчүү жагдай, 27-28 мартта Бишкек  шаарында өтүүчү Россия менен Кыргызстандын ортосундагы аймак аралык сегизинчи конференция КР менен РФ  ортосундагы  экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү каралган. 

 

Тэги: товарооборот Кыргызстан Россия экспорт импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу