ЕАЭБде 2021-жылдын январь-июлунда чекене соода жүгүртүү 319,8 миллиард долларды түздү.
2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу чекене сатуунун көлөмү 8,8%га өстү.
Сатуунун негизги бөлүгү Орусияга - 287,8 миллиард доллар менен туура келди. Казакстандагы соода көлөмү 15,2 миллиард долларга, Беларусь 12,9 миллиард долларга жетти.
Кыргызстанда чекене соода жүгүртүү 12,2% га өсүп, 2,1 млрд долларды, Арменияда 1,5 млрд долларды түздү.