«РСК Банк» ААК коронавирус менен күрөшүүдө ата-мекендик медицинага колдоо иретинде 4 млн 388 миң сом бөлүп берди

13.07.2020, 13:00 Акчабар
«РСК Банк» ААК коронавирус менен күрөшүүдө ата-мекендик медицинага колдоо иретинде 4 млн 388 миң сом бөлүп берди

Бүгүнкү күндө пандемиядан улам өлкө оор учурду башынан өткөрүп жаткан учур. Буга байланыштуу, «РСК Банк» ААК төмөнкү ишканаларга каржылык жардам көрсөтүү боюнча чнчим кабыл алган:

-1 млн сом КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталына берилет.

Ааталган каражаттарга 150 орундукка жете тургандай кычкылтек стаанциялары, алынып, орнотулат. Бул бейтаптарга реанимацияга же кычкылтек концентраторлору орнотулган жерлерге жылдырлбастан, жаткан жеринен жардам алууга өбөлнө түзөт.

-988 миң сом Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын жана Талас аймактык ооруканаларына керектүү жабдыктарды алууга жумшалат.

-900 миң сом Бишкек шаарынын Тез жардам борборуна берилет. Каражаттар медиктер үчүн индивидуаодык коргонуу каражаттарын алууга жумшалат.

Андан тышкары, «РСК Банк» Кыргызстан Банктары Бирикмесинин демилгесин колдоп, Кыргызстандын ооруканаларына жасалма деп алдыруучу аппараттарын алууга 1.5 млн сом бөлдү.

«Тилекке каршы, азыркы учурда ооруканаларда жасалма дем алдыруучу аппараттары жана кычкылтек концентраторлору курч жетишпей жаткан учуру. Мындай кырдаалда  «РСК Банкы» четте кала алган жок. Биз банктын агана атынан эмес, ар бир кызматкердин атынан ьиздин мекендештерибиздин өмүрлөрүн сактап калууга салым коштук»,-дейт «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов.

Тэги: РСК Банк акчалай жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу