«РСК Банк» финансылык отчеттун аудитине 2,7 млн сом сарптайт

20.10.2021, 12:10 Акчабар
«РСК Банк» финансылык отчеттун аудитине 2,7 млн сом сарптайт

"РСК Банк" 2022-жылга финансылык отчеттуулук үчүн аудитордук кызматтарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Банк бул максаттарга 2,7 миллион сом бөлүүнү пландап жатат.

"Аудит Бухгалтерлердин эл аралык федерациясы (IFAC) Эл аралык аудит жана ишеним стандарттары кеңеши тарабынан чыгарылган аудит боюнча эл аралык стандарттарга (ISA) ылайык жүргүзүлүшү керек", - деп айтылат тендерде.

"РСК Банк" 2021-жылга карата банктын финансылык отчетун текшерүү үчүн 3 миллион сом сарптоону пландаштырганын кошумчалайбыз. Бирок сынактын жыйынтыгы боюнча ага 2 миллион 617,44 миң сом кеткен. Аудитти "Baker Tilly Bishkek" ЖЧКсы жүргүздү.

Тэги: РСК Банк аудит финансовая отчетность госзакупки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу