«РСК Банк» уставдык капиталын көбөйтүү үчүн акцияларды чыгарат

09.12.2021, 09:04 Акчабар
«РСК Банк» уставдык капиталын көбөйтүү үчүн акцияларды чыгарат

“РСК Банкы” банктын уставдык капиталын көбөйтүү чечимин кабыл алды. Мындай чечим акционерлердин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасы жазды.

Банктын баалуу кагаздарын кошумча чыгаруунун эсебинен капитал көбөйөрү көрсөтүлгөн. Чыгарылган каражаттын суммасы айтыла элек.

Буга чейин “Акчабар” РСК Банк уставдык капиталын 800 миллион сомго көбөйткөнүн жазган. 

Ноябрдын аягында банктын уставдык капиталы 2 млрд 494,2 млн сомду түзсө, көбөйгөндөн кийин 3 млрд 294,2 млн сомду түзөт. Акциялардын кошумча эмиссиясынан кийин банктын капиталы канчага өсөрү азырынча белгисиз.

 

Тэги: РСК Банк уставной капитал акции Кыргызская фондовая биржа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу